7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров: Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат

397

«Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат. Элдин талабы, тилек-үмүтү дагы дал ушундай» — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү ишинен тышкары «Кумтөр» маселесин жолго коюу, өлкө бюджетине кошумча киреше булагын пайда кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын эске салды.

«Анын негизинде коомчулуктагы эң үч кесиптин ээлеринин: мугалимдерибиз, дарыгерлерибиздин жана маданият кызматкерлерибиздин айлык акыларын эселеп көтөрүүгө жетиштик», -деген ал, калган тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын, алдыдагы 1-августтан тарта көтөрөлү деген конкреттүү пландар бар экенин белгиледи.

«Ири долбоорлордун бири „Камбар-Ата-1“ ГЭСин курууну колго алып жатабыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эмдиги жылы баштайбыз деген жакшы ниет менен биринчи кадамыбызды жасадык. Бул ири долбоорлор жүзөгө ашып кетсе, „Кумтөр“ сыяктуу эле ири киреше булактары пайда болот. Мына ошондо калайык калк — сиздердин шайлоочуларыңыздар байма-бай коюп келе жаткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү четинен чече баштайбыз», — деди Садыр Жапаров.

«Кыргызстан демократиялык өлкө экендигин байма-бай айтып келебиз. Элибиздин менталитетинде, канында демократия элементтери болгондуктан, Баш мыйзамыбыздын 1-беренесинде дагы Кыргызстан демократиялык өлкө деп белгиленгени жөн жерден эмес. Өлкөбүздө ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, ой-пикирин ачык айтууга укуктуу. Ошентсе да, дал ушул эркиндикке, демократия принциптерине жамынып алып, жогорудагыдай киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикирлерин айтып, саясый упай топтоого далалат кылган саясатчыларыбыз да жок эмес. Демократия шартында, албетте, атаандаш пикирлердин болушу зарыл, ал тургай ошондой болушу керек. Эл өкүлдөрүнүн тарапташтарынын койгон маселе-талаптары көчөдө сүйлөнбөй, парламенттин ичинде адистердин катышуусунда талкууланып, жыйынтык чыгарылып жатканынын өзү эле өлкөбүздүн туура багытта, түз жолдо бараткандыгынын белгиси деп айтар элем», — деп кошумчалады ал.

«Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыштардын, саясый интригалардын ордуна ошол дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбай, чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз зарыл экенин эсибизден чыгарбайлы. Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат. Элдин талабы, тилек-үмүтү дагы дал ушундай», — деди Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

398