7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

21

Президент Садыр Жапаров жана Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта, эки өлкөнүн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты. Жогорку даражалуу конокту жылуу кабыл алуу менен Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдери эзелтеден ынтымакта жана достукта жашап, бири-бирин колдоп келгенин белгиледи.

Президент өткөн жылы Астана шаарында өткөн Жогорку Мамлекеттер аралык кеңештин алтынчы жыйынынын ийгиликтүү болгонун белгилеп, анда Казакстандын Президенти менен биргеликте эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактары кылдаттык менен каралганын айтып, азыркы жетинчи жыйын боордоштук мамилелерге, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка жаңы дем берерине ишеним билдирди.

«Бул системалуу иш бизге учурдагы маселелерди натыйжалуу чечүүгө гана эмес, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы келечектерди ачууга да шарт тузөт», — деди Садыр Жапаров.

Президент өз ара товар жүгүртүүдө оң динамика байкалган эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн үч миллиард долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын ичинде эки өлкөнүн рынокторуна товарлардын жеткиликтүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү, өнөр жай, айыл чарба жана энергетика тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле чек ара инфраструктурасын модернизациялоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бир катар өткөрүү пункттарын реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен «Алматы – Ысык-Көл» автожолун куруунун келечектүү долбоорун белгилеп өттү.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кыргыз жалпы тарыхы жана тагдыры менен байланышкан боордош элдер экенин баса белгиледи.

«Убакыттын сыноосунан өткөн достугубуз – бул ата-бабалардан калган мурас, муундан муунга өтүп келе жаткан руханий байлык. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген бузулгус өнөктөштүккө айланды. Кыргызстан – Казакстандын аймактагы негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири” — деди Президент.

Соода-экономикалык кызматташыктыкты мындан аркы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, ал Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 2 миллиард долларга жакын экенин жана бул көрсөткүчтү мындан ары дагы көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырастады.

Андан соң мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрү боюнча баяндамаларын угушту.

 

22