7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Ширшов Максим Бакиевдин 200 млн доллары тууралуу билем деди

1016

Садыр Жапаров өзүнүн фейзбук баракчасы аркылуу Алексей Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берди.

«Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.

Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим.

Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.
Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.

Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.

Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, «Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!

Ширшовдун өзүнө тиешелүү “Дастан” корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганыбыз. Бүгүнкү күндө “Дастан” корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.
Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересин. Ушундай принцип.

Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт!

“Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.

Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес»,- деп жазган президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017