7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Түркия-Кыргызстан» парламенттер аралык достук тобунун мүчөлөрүн кабыл алды

255

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 13-февралда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Юсуф Беязыт төрагалык кылган “Кыргызстан – Түркия” парламенттер аралык достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Тараптар стратегиялык кызматташуу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Түркияны бир тууган өлкө жана ишенимдүү өнөктөш катары карап, эки өлкөнүн ортосундагы жылуу салттуу байланыштарга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. «Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок, тескерисинче, эки тараптуу кызматташуу үчүн пайдаланыла элек зор потенциал бар», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-түрккызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын эске салды. Жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекет башчысы бул документтерди ратификациялоо процедураларын тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Президент ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүналкагында парламенттер аралык кызматташуунун оң динамикасын белгилеп,тараптарды көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүнкүч-аракет жумшоого чакырды.

Өз кезегинде «Кыргызстан-Түркия» парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Юсуф Беязыт парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Түркия Кыргызстан менен бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын баса белгиледи. Ал түрк тараптын түрдүү тармактарда, анын ичинде парламенттер аралык форматта эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга жигердүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

256