7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент түрмөнүн ордуна курулуп жаткан үйлөр ипотекага берилерин айтты

866

«Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт» деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө. Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк.

Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.

Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.

Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.

Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби — айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026″ программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй- бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.

Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз»- деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

867