Бүгүн, 1-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
“Мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Жапаров ошондой эле балдардын эң ыңгайлуу шартта дарылануусу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, балдар үчүн дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды”-деп берилет билдирүүдө.