7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Бул кышта 1,5 миллион тонна көмүр казуу пландалууда

757

Өлкө башчы Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу өткөн жылы 1 миллион тоннадан ашык көмүр казылганын билдирди.

«Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык.

Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө — 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик.

Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен»,- деп билдирген президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758