7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
26272829  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент УКМКнын Нарындагы реконструкцияланган имаратынын ачылышына катышты

267

Бүгүн, 21-декабрда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен бирге УКМКнын Нарын облусундагы бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты. Өлкө башчысы алгач УКМК кызматкерлерин кечээги кесиптик майрамы менен куттуктап, оор дагы, жооптуу дагы милдеттерине ийгиликтерди каалады.

“Сиздердин жигердүү, кесипкөй аракетиңиздердин натыйжасыда мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, эл жаратмандык менен алектенүүдө. Ушул басыгыңыздардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилдиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта берээриңиздерге ишенем”, — деди президент.

Ошондой эле өлкө коопсуздугун, аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, улуттар арасындагы ынтымакты түзүү, мамлекеттеги коомдук-саясий-социалдык туруктуулукту бекемдөө аракеттери УКМКга жүктөлгөнүн белгилеген Садыр Жапаров “оор милдеттерди гана жүктөбөстөн, аны натыйжалуу аткаруу үчүн УКМК кызматкерлерине тиешелүү шарттар мамлекет тарабынан түзүлүп жатканын” айтты.

“Эгеменге ээ болгондон бери Кытай менен чек ара сызыгын тактоо жана аны коргоодо УКМКнын Нарын райондук бөлүгү өзүнө чоң жоопкерчиликти алган. Коомдук-саясий окуяларда облустагы акыбалды турукташтырууга, коррупцияга бөгөт коюу, кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө да өз милдетин так аткарып келатат. Бул бөлүмгө имарат 1988-жылы курулган. 35 жылдан бери бир дагы оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес экен. Ошондуктан биз Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен кызматкерлерге кызматтык шартты түзүү максатында демөөрчүлөрдү тартып, имаратты, короо-жай менен кошо оңдодук. 2000 чарчы метр имарат толук оңдоодон өткөрүлдү, ага кошумча имараттар салынды. Тосмо, асфальт төшөлдү. Имараттын жаңыланып, иштөө шарттарынын жакшырышы сиздердин тышкы жана ички коркунучка каршы күрөшүүңүздөрдүн сапатын жакшыртат деп ишенем”, — деди Садыр Жапаров.

268