7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына барды 

445

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Башкармалыгына барып, президенттик фонддун эсебинен курулган жаңы машыгуу залынын шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына УКМК башкармалыгынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн машыгуу залында бардык керектүү шарттар каралгандыгы маалымдалды. Футбол аянтчасы, машыгуу залы, чечинүүчү жай, душ кабинкалары жана мончо курулган.

Садыр Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлерин залдын ачылышы менен куттуктап, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кызматындагы ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, УКМКнын Талас облусу боюнча Башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы өткөн жылдын 17-июнунда болгон. Анда УКМКнын кызматкерлери Мамлекет башчысына машыгуу залын куруу берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик фонддон бул максаттарга 50 млн сом бөлүнгөн.

446