7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты

622

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчыга «„Манас“ эл аралык аэропорту» ААК, Президенттин иш башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Алсак, «Ысык-Көл» аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин жаңы имаратын куруу пландалууда. Учурдагы комплекс 2003-жылы курулган жана азыр жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө туруштук бере албайт. Азыр жаңы комплекстин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат.

Ошондой эле, аэропорттун аймагын кеңейтүү, кошумча тосмо орнотуу, селден коргоо үчүн жаңы курулмаларды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Келечекте бул жерде «Тамчы» эркин экономикалык аймагы түзүлүп, «Каракол» жана «Балыкчы» ЭЭАлары жоюлат.

Бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Мындан башка, Каракол шаарында «Каракол» эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушу жүрүп, жасалма учуу тилкеси узартылып жатат.

Келечекте аэропорт Embraer жана анын аналогдору сыяктуу жаңы муундагы авиалайнерлерди кабыл ала алат, бул дагы чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартып, көбөйтөт.

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды, алар бардык эл аралык жарандык авиация талаптарына жооп бериши керек.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын демилгеси менен Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар белгиленген.

«Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда, Талас облусунда аэропорт ишке киргизилет, ал эми учурда «Баткен» жана «Казарман» аэропортторунун аэродромдорунун элементтеринин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623