7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы чек ара маселесин бүтүрөбүз»

654

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Бул тууралуу Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги маегинде билдирди.

«Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз«,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655