Жалал-Абадда арзан баада көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаарда көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулду.
Маалыматка караганда, 22-октябрга карата Курманбек көчөсү №6 дарегинде 40 тоннага жакын көмүр түшүрүлүп, жарандарга сатылууда.
Суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турат.
Дареги: Жалал-Абад ш. Курманбек көчөсү №6. (Болжол: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин бет маңдайы)