7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды

156

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июнда, Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчылары жана “Борбор Азия – Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи. Бул өңүттө Афганистандагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү.

Садыр Жапаров күч-аракеттерди координациялоо жөнүндө айтып жатып, терроризм – бул ага каршы күрөштө жамааттык аракеттерди жана стандарттуу эмес ыкмаларды талап кылган коркунуч экенин белгиледи. Ошондой эле экстремисттик идеологиялардын жайылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү менен күрөшүү зарыл.

«Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Коопсуздук маселелерин натыйжалуу, комплекстүү жана системалуу чечүү биздин өлкөлөрдүн калкынын жашоо сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизери талашсыз», — деди президент.

Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Соңунда Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештеринин катчыларына жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

157