7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президентке кат жазган нарындык окуучунун тилеги орундалды

818

Президент Садыр Жапаровго кат жазган кичинекей Жанарбек Жайлообаевдин тилеги орундалды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаранбек Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында ата-энеси, бир туугандары менен жашайт.

Апасына үй-тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданган Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу өлкө башчысына кат жазган.

Өспүрүмдүн тилеги орундалып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Кыял Мусаевага тиричилик техникаларын алып берди.

Белектерди бүгүн облус башчысынын орун басары Нурбек Сатаров дарегине жеткирип берди. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.

819