7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоого карата сурамжылоодо Садыр Жапаров алдыга чыкты

303

Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн.
Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7миң 88 адам катышкан.

«Эгер Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?» — деген суроого жарандардын 84,5% «ооба» деп жооп берген. 10,6% шайлоого барууга даяр эместигин айтса, дагы 4,9% жооп берүүдө кыйналган.

Сурамжылоого ылайык, биринчи орунду президенттикке талапкер Садыр Жапаров алган.

  • Садыр Жапаров-( 59,11%)
  • Адахан Мадумаров -(3,23%);
  • Канатбек Исаев- (0,86%);
  • Бактыбек Калмаматов -(0,28%)
  • Арстанбек Алай (Абдылдаев)- (0,26%)
  • Равшан Жээнбеков -(0,22)
    Калган талапкерлер жалпысынан 5%дан төмөн алары күтүлүүдө.

Катышкандардын 21,57% кимди тандай турганын азырынча чече электигин, ал эми 9,49% баарына каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефондон маектешүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлгөн. Ага бир үйдөн бир гана адам катышкан.

Респонденттердин ичинен эркектер – 53%, аялдар – 47%ды түзгөн. Калктын жашаган аймагынын түрлөрү боюнча шаар тургундарынын үлүшү 44,4%ды түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

304