7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоонун алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн кимдерге айып салынды?

285

Кезексиз президенттик шайлоонун алдындагы үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн бир канча талапкерге жана КТРКнын директоруна айып пул салынды. Бул тууралу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылгандар төмөнкүлөр:

  • Өзгөн районунда «Кароол айылынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчисине талапкердин штабы менен макулдашпай туруп үгүт материалдарын чыгарганы үчүн 7500 сом;
  • Талапкер Адахан Мадумаров — үгүт иштерине жашы жете элек балдарды катыштырганы үчүн талапкердин Баткен райондук штабынын жетекчисине 7500 сом;
  • КТРК — шайлоо процессинин катышуучуларына маалыматты бирдей жеткирүүдө эреже бузганы үчүн, тагыраак айтканда, теледебаттын 1-турунун 30-декабрдагы видеосунун YouTube каналынан өчүрүлүшү боюнча телеканалдын директору Бактияр Алиевге 5500 сом;
  • Талапкер Имамидин Ташов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом;
  • Талапкер Садыр Жапаров — эл менен жолугушуу учурунда театралдаштырылган көрсөтмө уюштурганы үчүн анын Каракол шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге 7500 сом;
  • Талапкер Бактыбек Калмаматов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом

БШКнын маалыматы боюнча, жогоруда аталган тараптардын баары айып пул төлөп, кутулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

286