7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин чет жакка чыкчу учагы эскирип, көп чыгым талап кылууда

885

Президенттин чет өлкөлүк каттамдар үчүн колдонгон №1 (Ту-154) учагы эскирген. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарында өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

Анын айтымында, жарандык авиация департаменти чарбалык субъект эмес.

«Учакты алмаштыруу керекпи же жокпу айта албайбыз. Бирок №1 аба кемеси эскирген, бул факт. Жыл сайын аны тейлөөгө көбүрөөк чыгым талап кылынат. Ал кеминде дагы бир жыл зарыл талаптарга жооп берет. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет», — деди ал.

Эске салсак, мамлекет башчысы Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өткөн Глобалдык климаттык форумга жеке учак менен барган. Өлкө башчысын ташыган №1 борт Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, жеке учак менен барууга аргасыз болгону айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886