7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды

594

Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында гемодиализ аппараттары сатып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго сатылып алынды.

Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595