7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз жана БАЭ башчылары дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктоо каттарын алмашты

5

Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахайян бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

Куттуктоо каттарында өткөн 30 жылдын ичинде мамлекеттерибиз саясий
диалогду бекемдеп, ар тараптуу багыттар боюнча мамилелерди ырааттуу өнүктүрүп, кызматташтыкты бийик деңгээлге көтөрө
алганы белгиленди.

Саясий диалогдун оң динамикасы, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, санариптик, туристтик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын ырааттуу кеңейиши, ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экени баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги Булуңудун аймагындагы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Бириккен Араб Эмираттары менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө туруктуу берилгендигин ырастады.

Өз кезегинде эмират тарап эки мамлекеттин жана алардын элдеринин кызыкчылыгы үчүн достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Куттуктоо телеграммаларында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы кыргыз-эмират кызматташтыгынын тарыхындагы маанилүү учур болуп, келечектүү биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууга жаңы дем берерине ишеним билдирилди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысынын дарегине ушундай эле куттуктоо каттары Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри жана Дубай эмири Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдан, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министрдин орун басары жана Президенттик Аппараттын жетекчиси Мансур бин Заид Аль Нахайяндан да келип түштү.

6