7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө тынчтыктын жана аймактык кызматташуунун жаңы барагы ачылды

195

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, аймак дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин дагы бир жолу далилдегенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бүгүнкү жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара ишенимин, ынтымагын жана конструктивдүү диалогго болгон даярдыгын көрсөттү.

Бул аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана коңшу мамлекеттердин кызматташтыгын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Президент ошондой эле кесиптештерине көрсөтүлгөн колдоо жана активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар Борбор Азиянын эл аралык аброюн дагы да бекемдей турганын белгиледи.

Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн жолугушуу аймак өлкөлөрүнүн биримдигин, өз ара урмат-сыйын жана жалпы кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга болгон умтулуусун дагы бир жолу айгинеледи.

196