Садыр Жапаров бүгүн, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери менен биргеликте Ысык-Көл облусунда өткөн UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын башында мамлекет башчыларына суудагы жарыштарга катышуучу спортчулар жана F1H2O болиди тааныштырылды.
Садыр Жапаров иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып, бул өзгөчө маанилүү окуя экенин жана өлкө тарыхында биринчи жолу суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабын — Кыргызстандын Гран-присин кабыл алып жатканын айтты.
Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, эң кызыктуу жана эң жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири.
“Мындай жогорку деңгээлдеги дүйнө чемпионатын өткөрүү өлкөбүз үчүн чоң сыймык. Бул Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп жатканын айгинелеп, дүйнөлүк спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат”, — деди Президент.
Мамлекет башчысы боордош мамлекеттердин лидерлери — Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусун өзгөчө белгиледи.
“Сиздердин катышууңуздар Борбор Азия бүгүнкү күндө ишенимдин, ынак коңшулуктун жана кол кармашып, биргелешип өнүгүүнүн аймагына айланып бара жатканын даана тастыктап турат.
Биздин мамлекеттерди бир гана жалпы тарыхыбыз, окшош маданиятыбыз жана кылымдардан бери келе жаткан руханий алака-катыштарыбыз эле эмес, элдерибиз үчүн коопсуз, туруктуу жана жаркын келечек курууга болгон жалпы умтулуубуз бириктирүүдө”, — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал бул дүйнө чемпионатын өткөрүүгө карай жол кандай башталганына кыскача токтолду.
Мамлекет башчысы быйыл март айында Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиулли менен жолугушууда аталган чемпионатты Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилгенин эске салды.
“Ошол эле маалда “Суудагы Формула-1ди” өткөрүүчү тарап катары биз ажайып кооз табиятыбызга өтө аяр мамиле жасоо, экологиялык маданиятты сактоо жана эң негизгиси, Ысык-Көлүбүздү кийинки муундарга ушу турган турпаты менен өткөрүү биздин принципиалдуу маселебиз экенин эстен чыгарганыбыз жок”, — деп белгиледи.



