7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин фотографы Монголияда унутулгус окуяга туш болгонун айтты

1305

Президенттин фотографы Султан Досалиев өлкө башчы Садыр Жапаровдун Монголиядагы иш сапары учурунда кызыктуу, унутулгус окуяга күбө болгонун жазды. Ал социалдык тармактагы баракчасына Монголиянын президенти менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Бул иш-чараны уюштурууга жана чагылдырууга катышкандардын баары үч күн бою чыңалган режимде күнү-түнү иштешти. Пландаштырылган иш-чаралар аяктагандан соң Монголиянын президенти мамлекет башчыбызды узатты. Ошол убакытта кичине тыным болуп калды. Ошондо Монголиянын президенти мени байкап калып “Фотографтар дайыма сүрөтсүз калышат” деп, күтүүсүз жерден чогуу сүрөткө түшүүгө чакырды. Өлкө президентеринин мени менен биринчи жолу сүрөткө түшкөнү болду. Бул жөнөкөй нерсе менен ал дароо үч жумушчу күндөгү чарчоону басты. Ушундай жагымдуу билдирүү менен менин мамлекеттик сапарды чагылдыруу боюнча жөнөкөй миссиям аяктады», — деп жазды Досалиев.

Белгилей кетсек, 11-июль күнү кечинде президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1306