Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Алар:
— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Президенттин Аппарат Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;
— Шайлдабекова Нуржан Кармабековна — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
— Новиков Артем Эдуардович — Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович — ӨкмөттүнАппарат Жетекчиси — министр;
— Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич — Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси;
— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич — Тышкы иштер министри;
— Ниязбеков Улан Омоканович — Ички иштер министри;
— Ажикеев Бообек Эргешович — Өзгөчө кырдаалдар министри;
— Мукашев Кыялбек Белекович — Финансы министри;
— Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович — Саламаттык сактоо министри;
— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович — Маданият, маалымат жана туризм министри;
— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
— Түлөбаев Балбак Зарлыкович — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
— Алиев Бактияр Жеңишбекович — Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
— Жумаев Алтынбек Мусаевич — «7 канал» Телерадио компаниясынын башкы директору.