7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан кетти

999

Бүгүн, 18-май Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек ээлеген кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу ал өздүк баракчасы аркылуу кабарлады.  Төмөндө кайрылуусу, кыргыз тилине которулуп берилди.

«Урматтуу достор, кесиптештер, журналисттер!
Бүгүн менин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун пресс-катчысы болуп иштеген ишимдин акыркы күнү.
Ушактардан жана туура эмес чечмелөөлөрдөн сактануу үчүн, мен Садыр Нуркожоевич менен жакшы адамдык мамиледе  экенибизге ишендиргим келет. Мага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды аткардым, эми мага жаңы жумуш тапшырылды. Бирок бул тууралуу кийинчерээк билдирем.
Президент Садыр Жапаров, команда жана сиздер менен бирге биз оор жолду басып өттүк, бир нече олуттуу соккуларды баштан өткөрдүк. Бул менин жашоомдогу эң окуялуу жана чечүүчү мезгилдердин бири болгон деп жоопкерчилик менен айта алам.
Баарыңыздарга, кесиптештериме, журналисттерге, блогерлерге, колдоо көрсөткөндөргө жана кам көргөн жарандарга, сын айтып, күмөн санагандарга ыраазычылык билдирем!
Сиздерсиз бул иш мүмкүн эмес болчу!
Алдыда жаңы энергияны, идеяларды жана, албетте, сиздердин колдоону жана сынды талап кылган жаңы максаттар жана милдеттер турат.
Эң башкысы, биздин жасап жаткан иштерибиздин бардыгы биздин Ата-Мекенибиздин, элибиздин өнүгүшү жана жыргалчылыгы үчүн!
Мурдагыдай эле, мен байланышта болуп, баарлашууга, талкууга жана кызматташууга ачыкмын!
Урматтоо менен, Галина Байтерек»-деп жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1000