7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы: Ысык-Көлдө балык уулоонун акысы төмөндөйт

253

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү.

Долбоордун негизги максаты — балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Сунушталган жаңы тарифтер:

Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн:

* 1 сутка — 313 сом

* 2 сутка — 463 сом

* 3 сутка — 613 сом

Ысык-Көл жилингири балыгын уулоо үчүн:

* 1 сутка — 363 сом

* 2 сутка — 563 сом

* 3 сутка — 763 сом

Токтом долбоору кабыл алынгандан кийин жаңы тарифтер күчүнө кирет. Бул өзгөртүү спорттук жана ышкыбоздук балык уулоону өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

 

 

254