7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Аскердик госпиталдын каржы кызматынын башчысы дээрлик миллион сом кымырып алган

732

Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында системдүү иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өздүк эсебине бюджеттик каражаттарды которуп, өз пайдасына кымырып алгандыгы аныкталган.

«Аталган кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыян 965 миң сомду түздү.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»), 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

733