7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Саламаттыкты сактоо министри коррупцияга шектелип кармалды

534

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкандыгы аныкталды.
2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казахстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшүп, ошондой эле, Өлкө Президенти Кытай жана Орусиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 млн. дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле тургандыгын макулдашылгандыгына карабастан, Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.
Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн. 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө.
Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

535