7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Жалпы баасы 24 млнго жакын объектилер Шопоков мэриясынын балансына кайтарылды

865

Чүй облусттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 23 728 000 сом болгон социалдык объектилер – маданият үйү менен стадион Сокулук районунун Шопоков шаардык мэриясынын балансына коюлду.

Прокурордук текшерүүдөгү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда, Шопоков шаардык мэриясы тарабынан  Өкмөтүн «Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө» токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды.

Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында прокуратура тарабынан Шопоков шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

866