7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Путь в жизнь» реабилитациялык борборунда бейтаптарды кыйнап келишкен

17

Бишкектеги «Путь в жизнь» реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

«Путь в жизнь» реабилитациялык борбору ар кандай көз карандылык менен жабыркаган  бейтаптарды реабилитациялоого расмий түрдө адистешкен жеке медициналык жана психиатриялык мекеме катары иштеп жүргөнү аныкталган.

Тактап айтканда, мурда көз карандылык менен жабыркаган, жогорку медициналык билими жок, реабилитациялык борбордун кызматкерлери борбордун жетекчилигинин көрсөтмөлөрү боюнча жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Ошондой эле, бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор «срыва» болуп жаткан учурда, аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган каражаттар (бут-колдор үчүн бекиткичтери бар керебет, дубинка ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электр шокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар) менен физикалык күч колдонуп, бейтаптарга орду толгус физикалык жана  психологиялык травма кылып келишкен.

Баш ийбеген бейтаптарды «изолятордук» бөлмөлөргө жайгаштырып (караңгылатылган терезелер, тосмолору бар), тышкы дүйнө менен байланышын чектеп, памперс кийгизип, даараткананы жана жеке гигиена каражаттарын 7-8 сутка бою колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышкан.

Белгилей кетсек, борбордун бизнес ишмердүүлүгү анын ээлерине олуттуу каржылык киреше алып келген, анткени бир бейтап үчүн ай сайын төлөнүүчү төлөм 80 000 сомду түзгөн.   Ошол эле учурда, бейтаптардын реабилитациялык чыгымдарын төлөгөн туугандары жана достору борбордо колдонулган чыныгы дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматы болгон эмес. Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында реабилитациялык борбордо бейтаптарды аларда бар венерикалык жана жугуштуу ооруларына (ВИЧ, кургак учук, грибок оорулары, паразиттер, сифилис, герпес, гепатит) жараша бөлүү принциптери сакталбагандыгы аныкталган. Бул оорулар контакттык жана аба-тамчы жолу аркылуу жугушу мүмкүн болгонуна карабастан, бардык бейтаптар жалпы шартта жайгаштырылып, аталган оорулардын алып жүрүүчүлөрү менен түздөн-түз байланыштан сактанууга  мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Шектүүлөр кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.

УКМК жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча нөөмөт кызматына: 0312530301 телефону аркылуу кайрылууну суранат.

18