7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Россияны «Ачык асман» долбоорунан чыгарган мыйзамга кол койду

521

Россиянын президенти Владимир Путин «Ачык асман» боюнча эл аралык келишимден чыгуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул келишим 35 өлкөнүн чалгын учактарынын бири-биринин аймагында көзөмөл жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берчү.

Былтыр майда АКШ сөз болгон макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ошол кездеги президент Дональд Трамптын администрациясы чечимин Москва анын шарттарын бузуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Вашингтондун жүйөсүндө, Орусия өзү гана тааныган Грузиянын жикчил аймактарынын жанынан учууларды чектөөгө, учактарды аннексияланган Крымдын аэродромдоруна отургузууга аракеттенген.

Ал учурда Москва келишимге байланыштуу позициясын өзгөртпөйт деп билдирген. Бирок кийинчерээк орус бийлиги документти денонсациялоо демилгесин көтөрүп, аны Мамлекеттик Дума колдоп берген.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522