7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Садыр Жапаровду куттуктап, саясий кырдаалды турукташтырып жатканын баса белгиледи

749

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал куттуктоосунда Садыр Жапаровдун аракети менен Кыргызстанда саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал турукташтырууга багытталган маанилүү кайра куруулар ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

«Сиздин мамлекеттерибиздин союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле евразиялык интеграциялык процесстерди, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө болгон умтулууңузду баалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин конструктивдүү диалогдун жана эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен тыгыз иштин улантылышына ишеним артат.

Россиянын Президенти Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750