7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райондук соттун Самара Каримовага карата чыгарган чечими жокко чыгарылды

238

Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директору кызматын кайтарып алуу боюнча соттун чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык тармактарда Самара Каримова менен окуу жайдын кызматкерлеринин онртосунда түшүнбөстүк болуп жаткандыгы тараган. Анда алар Самара Каримованы жетекчи катары көрө алышпасын айтып, окуу жайды кулптап салышкан.


Самара Каримова баардыгы мыйзам жолунда болуп жаткандыгын айтып, милиция кызматкерлери менен биргеликте окуу жайдын эшигин күч менен ачтырып кирген.
Ал эми кечээ, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкек шаардык сотуна бул маселенин үстүнөн даттанган. Министрлик райондук соттун чечимине макул болбой, соттогу ишенимдүү өкүл мурдагы министр тарабынан бекитилгенин жана иштин эки жылдан кийин каралганы мыйзамсыз болгонун жүйө келтирген.


«Министрликтин өкүлү берилген ишеним катка ылайык доону моюнга алууга укугу болгон. Ошондой эле бул ишеним кат чакыртып алынып же жокко чыгарылган эмес. Ошол себептен 2020-жылдын 17-декабрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен Самара Каримованын доо-арызы канааттандырылган. Ал эми жогорку инстанцияга 30 күндүн ичинде кайрылуу тараптардын укугу бар болчу. 15-январда Маданият министрлиги доо-арыз менен даттанды», — деп айтылат маалыматта.
Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире электиги белгиленет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239