Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.
Биринчи май райондук сотунан билдиргендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн сунушун канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөн.
Эске салсак, Матраимов Баку шаарынан кармалып, ушул жылдын жаз айларында Кыргызстанга алынып келген.