7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ратбек Жуманазаров дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү болду

339

Кыргызстандык спортчу Ратбек Жуманазаров дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Мелдеш 12-13-июль күндөрү Тайбэйде өткөн. Анда Кыргызстандын намысын коргогон Жуманазаров 81 кг салмактык категорияда мыкты оюн көрсөтүп, алтын медалга ээ болду.

Аталган салмак даражасында жалпысынан 23 спортчу ат салышты. Жуманазаров Индонезия, Түштүк Корея жана Австралиядан келген атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу Улуу Британиянын өкүлү Рори Тайррелл менен күрөшүп, жеңишти камсыз кылды жана турнирдин чемпиону аталды.

340