7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Рысбаев депутат Талант Мамытовдон асылбай жүрүшүн талап кылды

864

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев депутат Талант Мамытовдон асылбай жүрүшүн талап кылды.

«Бул сот процесси 2 жылдан бери созулуп келе жатат. Аны Мамытов жакшы билет. Добуш сатып алуу менен кармалып, иш козголуп турганда колунан жетелеп келип, 7-кабатка отургузуп алган. Мына акыйкаттык бар экен. Депутаттыгын тапшырып отурат. Ээси келсе, бээсин бер дейт. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган. Мамытов өзү алган добушту салыштырып, анан бирөөгө асылсын», — деди ал.

Өткөн жумада Мамытов БШК Көк-Жар окуругу боюнча Рысбаевди жеңүүчү деп таба албай турганын айткан. Анткени буга чейинки протоколдордун баары Бакировдун пайдасына чечилип, ал бүгүнкү күндө да жокко чыгарыла электигин белгилеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865