7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Сабиров Маданият – Жалал-Абад жолунун курулуш иши менен таанышты

152

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош автожолунун Маданият — Жалал-Абад участогунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жаңыланып салынып жаткан жолдун жалпы узундугу 67 чакырым. Жол курулушунан тышкары 8 көпүрө, 181 чакан жасалма курулуш, базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар, жөө жүргүнчүлөр өтө турган жол, калктуу пункттарда аялдамалар салынат. Долбоор 2022-жылдын июнь айында бүткөрүлөт.


Вице-премьер-министр бул автожолдун стратегиялык маанисин белгилеп, долбоорду өз мөөнөтүндө аяктоо тапшырмасын берди.


«Бул долбоор толугу менен ишке ашырылса, Ош-Бишкек каттамындагы жол кыймылынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Пандемиядан кийинки кризисти эске алганда бул долбоорду ишке ашыруу экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет. Тагыраак айтканда, товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт. Ошондуктан каттамды салуу ишин белгиленген мөөнөттө бүткөрүү зарыл», — деди Равшанбек Сабиров.


Вице-премьер-министр белгилегендей, жаңыланып салынып жаткан жолдун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынышы керек.


Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, Маданият — Жалал-Абад жолунун 16 чакырымы курулуп бүттү. Жалпысынан каттамды куруу ишине 150 киши тартылган, анын 90% жергиликтүү эл түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

153