7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рейд учурунда 15 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалды

667

Рейд учурунда15 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-16-май күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук тартипти көзөмөлдөө, кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатындагы бир апталык «Режим» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун аймагында 6500гө жакын кожолук, 65 мейманкана, 39 бильярд ойноочу жайлар, 50гө жакын компьютердик клубдар, 70тен ашуун диний уюмдар жана ИИОнун каттоосунда турган 600дөн ашуун атуул текшерилип, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында 1100дөн ашуун автоунаа текшерилип, 200дөн ашуун протоколдор түзүлүп, 30дан ашуун автоунаа айып короосуна киргизилген. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 мыйзамсыз сакталган курал алынып, 15 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668