7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рекорд: Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги жылдык пландын жыйынтыгын айтты

398

2025-жылдын январь-август айлары үчүн киреше планыны бир топ ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалым болгондой, план боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан алынуучу каражат 15 млрд 480 млн сом суммасында бекитилген. Анын ичинде:

  • ижара акысынан түшкөн каражат — 200 млн сом;
  • дивиденддерди төлөө — 15 млрд 280 млн сом.

2025-жылдын январь-августундагы иштердин жыйынтыгы боюнча түшүүлөр 36 млрд 121,4 млн сомду түздү, анын ичинде:

  • дивиденддерден – 26 585,7 млн сом;
  • менчиктештирүүдөн — 9 166,9 млн сом;
  • мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 177,3 млн сом;
  • башкалар -191,5 млн сом.

Башкача айтканда, агенттик планды 233 пайыз ашыгы менен аткарган.

399