7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ресторанда тойго келген конок сүрөтчү кызды башка тепти (ВИДЕО)

2277

Бишкекте бир киши сүрөткө тартып акчасын арзандатып бербей койгону үчун кызды чуркап келип башына тепкен. Милиция эч кандай чара көргөн жок. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.

Алардын айтымында, 19-жашар Марина Байышбекова «Роял» ресторанында сүрөтчү болуп иштейт. 25-сентябрда ага ресторандын конокторунун бири келип, сүрөткө тартууну суранып баасын түшүрүүнү талап кылган. Ал макул болбой койгон. Эркек киши жинденип, кызга кемсинтүүчү сөздөрдү айта баштаган.

«Ресторандын кызматкерлери нааразы болгон кардарды тынчтандырууга аракет кылышкан. Бирок ал жулунуп чыгып, сахнадан чуркап барып, артты карап турган кызды буту менен башка тепкен. Соккудан Марина жерге кулап түшкөн», — деп туугандар айтып беришти.

Окуя болгон жерге Аламүдүн ИИБсинин кызматкерлери келишкен, бирок, эмнегедир кылмыш ишин козгошкон эмес. Ишти Адилет Мыкыбаев деген тергөөчү алып барууда.

Видеодо көрүнүп тургандай, эркек киши чуркап келип, эч нерседен кабары жок кызды башка тепкен. Жабыркаган кыз 5 күн үйдөн дарыланып, кийин ооруканага кайрылууга аргасыз болгон.

Андан тышкары кол салган Э.А.нын Алмүдүн ИИБсинде тааныштары бар экени аныкталган. Ошондон улам кылмыш иши козголбой, айып пул менен эле кутултуп жиберүү аракети көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2278