7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Режиссёр Болот Шамшиевге «Ала-Арчада» эстелик тургузулду

650

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров өз сөзүндө.

Ал ошондой эле 2022-жылы президенттин Жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.

“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат”, – деп жыйынтыктады Жапаров.

Белгилей кетсек, Болотбек Шамшиев «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

651