7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рим шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

495

Италиянын борбору Рим шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддон билдирди.

Эстеликтин ачылыш аземи 27-февралда Рим шаарында өттү. Иш-чарага Эльдар Айтматов жана Италиядагы мекендештер да катышты. Долбоорду ишке ашыруунун үстүндө Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев иш жүргүзгөн.

Эстеликти белгилүү кыргызстандык скульптор Алексей Морозов жасаган.

Эл аралык фонд Чыңгыз Айтматовдун ысымы Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да татыктуу бааланарын, монументтин ачылышы Италияда анын эмгеги терең урматталып, урмат-сыйга ээ болгондугунун ачык далили экендигин белгиледи.

“Чыңгыз Айтматовдун эмгектери 1960-1970-жылдары италиянча которулуп чыккан. Азыр да Италияда жазуучунун китептери басып чыгарылып, италиялыктардын жүрөгүнөн түнөк табып жатат. Эстеликтин орнотулушу – улуу жазуучуга болгон түбөлүк сый-урматтын символу. Жазуучунун мурасы муундарды шыктандырууну улантууда”, — деп кошумчалашты фонддон.

496