7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Роберт Просинечки футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

243

Европалык адис Роберт Просинечки футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Аталган келишимди бекитүү бүгүн, 10-декабрда КФБнын президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өттү.

Келишимдин шарттарына ылайык, ал 1 жыл 1 айга ырасталды. Эгерде анын жетекчилиги алдындагы курама команда 2026-жылкы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу кошумча 3 жылга узартылат.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө Роберт Просинечкинин келиши курамага жаңы дем берерин, алдыда чоң максаттар турганын жана анын жетекчилиги алдында курамада сапаттуу өзгөрүүлөр болот деген ишенимин белгиледи.

Роберт Просинечки — футбол дүйнөсүндө кеңири таанымал адис. Ал Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Футболчу катары кезинде «Реал Мадрид», «Барселона», «Црвена Звезда» сыяктуу атактуу клубдардын негизги оюнчусу болгон жана 1998-жылы Хорватия менен Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон.

244