7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия 278 тонна дарбыз, коон, жашылчаны чек арадан киргизбей койду

1664

«Россельхознадзор» 6-августтан 13-августка чейинки аралыкта Кыргызстан менен Казакстандан Россиянын базарына жиберилген 157 тонна дарбыз, коон, 112 тонна пияз жана 9 тонна башка айыл чарба азыктарын,фитосанитардык талаптарга жоопбербейт деп артка кайтарган. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык азыктар Россельхознадзордун Алтай республикасы боюнча офисинин инспекторлору продукциялардын фитосанитардык сертификаты ташып жеткирүү документтерине туура келбеген маалыматты камтыган жасалма болуп чыккан. Ошондой эле продукцияны алуучу жана түшүрүү жери тууралуу так маалымат  жок болгон.

Инспекция бир жуманын ичинде Кыргызстан менен Казакстандан экспорттолгон жалпы 278 тонна азык-түлүк артка кайтарылганын билдирген.

«Фитосанитардык мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген карантинге алынган продукцияны импорттоого тыюу салынганын эскертебиз.  Кармалгандар административдик жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1665