Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, коңшу мамлекеттен 55тен ашуун адам келип, Кыргызстандагы ар кандай даректерде убактылуу каттоого турушкан, бирок ал тууралуу үй ээлери билген эмес.

«УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет өлкөлүк жарандарды жасалма каттоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндөр адамдар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралган жана алар мажбур түрдө депортацияланат. Сырттан келген коркунучтарды эске алуу менен, мындай аракеттер каттоо кызматынын адистери улуттук коопсуздуктун пайдубалын бузуу үчүн шериктеш болгон деп бааланат», – деп айтылат УКМКнын маалыматында.