7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия Жо Байдендин уруксаты менен Германияга газ экспорттоону баштады

691

«Түндүк агым-2» газ куурунун курулушу  6-сентябрда аяктады, 1-октябрдан тарта газ берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер жергиликтүү ММКларга билдирди.

Маалыматка ылайык, Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга газ жеткирүүчү түтүктөрдү жайгаштыруу 2019-жылы аягына чыгышы керек эле. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын санкциясынан улам иш токтоп калган. Азыркы президент Жо Байден курулушту улантуу Вашингтон менен Берлиндин мамилесине доо кетирбей турганын билдиргенден кийин, иш кайра жанданган.

Орусиялык «Газпром» ишканасы курган «Түндүк агым-2» газ кууру жылына 55 млрд. куб метр газды Орусиядан Германияга жеткире алат. Газ түтүгү Балтика деңизинин түбү аркылуу, Украинаны кыйгап өтөт. Айрымдар Россия муну менен Киевге басым кылууга жол ачат деп сындаган, бирок Москва аны четке кагып келет.

Долбоордун аякташы Европада газдын биржадагы баасы кымбаттаган учурга туура келди. Жыл башынан бери баалар дээрлик төрт эсе көтөрүлдү. Август айынын аягында тарыхта алгачкы жолу миң куб метр газдын баасы 600 долларга жеткен, 9-сентябрда баа 700 доллардан ашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692