7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рысгүл Акимжанова: «Болот Ибрагимов мыйзамдын ар бир точкасын билет»

516

“Болот Ибрагимовдун президенттин кенешчиси болгонун угуп кубандым. Тандоо туура болуптур.”Бул тууралуу Рысгүл Акимжанова фейсбуктан жазып чыкты.

“Канча жылдан бери жолдогу айдоочуларга да, жол күзөт кызматкерлерине да адекваттуу, мыйзам чегинде аларга жол эрежелерин үйрөтүп, жолдогу беспредел менен жалгыз күрөшүп келген. Сүйлөгөнү орундуу, мыйзамдын ар бир точкасын билет, эч качан өзүн этикадан тыш алып жүргөн эмес, эмоцияга алдырбайт, майдачыл эмес, адекваттуу кадр. Жол көйгөйүнүн чыныгы абалын президентке бурмалабай айтып берсе, жолдогу ГАИшниктердин да, айдоочулардын да каталарын ондоп, жолдорубуз ондолуп калмак. Штрафтар боюнча да өз оюн айтат деп ишенем. Бул жерде президент туура кенешчи алыптыр өзүнө. Ажылдаган маданиятсыз, өзү сабатсыз, мыйзамдарды билбеген, этикасы 0, тарбиясы жок карангы кыйкырчаактар же ар кимдин акчасын алып аны мактагандар өзүн блогер деп алса, аны силер блогер ушундай болот экен деп жүрөсүңөрбү? Анан ушул ажылдактарды Болотко тенеп жатасынарбы ээээ? “Иииий, блогер президентке кенешчи болуптур, фииий” деп мурдун чүйрүп жаткандар, Болоттун бир кылганын кылдынарбы? Болоттун билген мыйзамдарынын бир пунктун билесинерби? Болот жолдогу беспредел менен күрөшүп жүргөндө силер кайсы жерде жүрдүңөр эле, эстегилечи. Мурун чүйрүгөндөн мурда өзүбүздү күзгүдөн бир карап койсок ээ. Болот менен тааныштыгым жок, бир да көргөн эмесмин. Жөн гана калыстык сөзүмү айтып койдум.”-деп билдирүү калтырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517