7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сөгүш алгандарга сый акы төлөнбөйт. Мамкызматкерлер үчүн жаңы тартип киргизилди

380

Кыргызстанда мамлекеттик саясий кызматкерлер үчүн жаңы тартип киргизилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

«Ага ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеген кызматкерлерге карата жоопкерчилик күчөтүлдү. Эмне өзгөрдү?

Эгер саясий кызматкер тартиптик жаза алса (мисалы, сөгүш же катуу сөгүш), ал чет өлкөгө иш сапарларга чыга албайт. Сый акы жана дем берүүчү төлөмдөрү (премия) убактылуу токтотулат. Мындай кадам – саясий кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатын көздөйт. Эми ар бир жетекчи же жогорку кызматтагы адам кызматын так аткарууга, сергек болууга, мыйзамды жана тартипти сактоого милдеттүү болот», — деп жазды ал.

381