7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнбек Касмамбетов Чүйдө жаңы заманбап спорт залдын ачылышына катышты

764

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жаңы заманбап спорт залдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сүйүнбек Касмамбетов Бейшеке айылынын тургундарын Олимпиада чемпиону, көрүнүктүү спортчу Каныбек Осмоналиев атындагы жаңы спорт залдын ачылышы менен куттуктады.

Мамлекеттик катчы Каныбек Осмоналиев өлкөнү бүткүл дүйнөгө даңазалаганын эске салып, анын урматына спорт залдын ачылышы коомчулук, район, айыл үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ал келечекте Кыргызстандын уул-кыздары бул залда машыгып, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдей ийгиликтерди багынтса деген үмүтүн билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекет тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, жер-жерлерде дене тарбияны өнүктүрүү боюнча мындай иштер мындан ары да улантыларын баса белгиледи. «Биз мындай иш-чараларды терең колдойбуз», — деди ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

765