Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 29-беренесинин 1,2-бөлүгүнө ылайык жана судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Жолдошов Иматилла Султановичтин жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.
Ал ушул жылдын 21-мартынан тартып курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.