7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнбек Касмамбетов: Элдик курултайдын ишине 695 делегат катышууда

385

Бишкекте улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өз ишин баштады.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултайдын башында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, аймактардан шайланып келген делегаттардын ишине ийгилик каалады.

«Бүгүнкү курултай Кыргызстандын соңку тарыхында 2023-жылы июль айында кабыл алынган Элдик курултай тууралуу Конституциялык мыйзамдын негизинде өлкөдө өтүп жаткан алгачкы курултай», — деди мамлекеттик катчы.

Касмамбетов бүгүнкү курултайга жалпы 695 делегат катышып жаткандыгын билдирди. Анын 551и эркектер, 143ү аялдар. Шайланган делегаттардын ичинен 74ү Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттардын өкүлү.

Жаш курагы боюнча:

  • 30 жашка чейинки 14 делегат;
  • 30 жаштан 60 жашка чейинки 334 делегат;
  • 60 жаштан 80 жашка чейинки 341 делегат;
  • 80 жаштан жогору 5 делегат катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат. Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

 

 

386